Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

ЖК комитети Жапаровго байланыштуу иштин тергелишин көзөмөлдөйт


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети "Саясий куугунтуктагыларды коргоо" уюмунун өкүлү Зульфия Мараттын учурда камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун соңку абалына байланыштуу кайрылуусун карады. Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалай Жапаров учурда №47 абакта жаткан экс-депутат кийинки аптада №1 тергөө абагына которулушу мүмкүн экенин билдирди. Ал Жапаровго башкача көрсөтмө берүү боюнча басым болуп жатат деген маалыматты төгүндөдү. Мындан сырткары саясатчынын өзүнө кол салышы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Жапаров 2-апрелде таңга жуук моюну жана колу кесилген абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген болчу. Ушундан кийин жергиликтүү укук коргоочулар тобу камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун жана анын 12 тууганынын коопсуздугу коркунучта деген ачык кайрылууну УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге жана баш прокурор Индира Жолдубаевага жөнөтүшкөн.

Жогорку Кеңештин комитети Жапаровго байланыштуу тергөө, иликтөө иштерин көзөмөлгө алуу тууралуу чечим кабыл алды.

Экс-депутат Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Алардын арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар. (КЕ/EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG