Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында Аламүдүн айыл аймагынын мөөрү жана мурдагы башчысынын жасалма колу менен 34 гектар жерди жеке турак жай курууга саткан көз боёмочулук ашкере болду. Бирок бул тууралуу жамааттык арызды былтыр декабрда кабыл алган Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы туруу бөлүмү ишти эки ай кармап, жакында аны тергөөнү милицияга тапшырды.