Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Орусияда 23 жаштагы кыргызстандык мигрант изделүүдө


Нурбек Абдуллаев аттуу жарандын 5-апрелден бери дайыны билинбей жатканын апасы, Сузак районун Бек-Абад айылынын тургуну Замира Абдиллаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, баласы 5-апрелге караган түнү Санкт-Петербург-Москва багытындагы поездге отурган деген маалымат бар. Таанышы аны ошол түнү темир жол вокзалына жеткиргенин кабарлаган.

Жакындары Санкт-Петербургдун полициясына кайрылып, издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

3-апрелде Санкт-Петербург шаарынын метросундагы ондон ашык адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин орус бийлиги борборазиялык мигранттарды тыкыр текшерүүгө алган. Теракт уюштурган жанкечти Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов шектелүүдө. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG