Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

ЕБ Иранга каршы санкцияларды узартты


Ирандык кыз "Бизди санкция менен коркутпа" деген жазуусу бар плакатты кармап турат. Тегеран. 2015-жыл
Ирандык кыз "Бизди санкция менен коркутпа" деген жазуусу бар плакатты кармап турат. Тегеран. 2015-жыл

Евробиримдик адам укуктарына байланыштуу Иранга каршы санкцияны дагы бир жылга узартты.

Уюм тараткан билдирүүдө өлкөдө адам укугун бузган олуттуу учурлар болуп жатканы, мындан улам санкциялар кийинки жылдын апрелине чейин күчүндө болору белгиленген.

Санкцияларга ылайык, ирандык 82 адамдын жана бир уюмдун активдери камакка алынып, аларга виза берүүгө тыюу салынат, ошондой эле өлкөгө "репрессия үчүн колдонулушу мүмкүн делген" телекоммуникацияны тыңшоодо керектелчү жана башка жабдууларды экспорттоого чек киргизилет.

Иранга каршы санкциялар 2011-жылы жарыяланган жана Тегерандын ядролук программасына тиешеси жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG