Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Гуанчжоудо күчтөп кармалып турган эки ишкер бошотулду


Кытай
Кытай

Кытайдын Гуанчжоу шаарында күчтөп кармалып турган кыргызстандык эки аял бошотулду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Гуанчжоудогу башкы консулу Максат Тентимишов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, эки аял соода-сатык иштери менен алектенген:

- Эки ишкер айымды көптөн бери иштешип жүргөн кытайлык өнөктөштөрү 35 миң доллар доолап, алар жаткан мейманканадан эки күн бою эч жакка чыгарган эмес. Кагаз жүзүндөгү келишимдин жоктугу, тил маселеси да кошулуп, бул окуяны татаалдаштырып жиберген. Азыр эки аял Гуанжоу шаарында иштерин бүтүрүп, Бишкекти көздөй сапарга чыгууда. Кытай эли менен иштешкен кыргызстандык ишкерлерге айтып кетерим, бизнес иштерин жүргүзүүдө кагаз түрүндө келишимдерди түзүп алса, ушундай маселе жаралмак эмес.

Консулдуктун кийлигишүүсү менен чатак чечилип, эки тарап бири-бирине доосу жоктугу тууралуу тил кат жазып беришкен. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG