Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

"Дордойдун" жанындагы конуштарга газ берилүүдө


Түтүктү ачуу салтанатына мэр Албек Ибраимов жана «Газпром Кыргызстандын» жетекчиси Болот Абилдаев катышты
Түтүктү ачуу салтанатына мэр Албек Ибраимов жана «Газпром Кыргызстандын» жетекчиси Болот Абилдаев катышты

Бишкектеги "Дордой" базарынын тегерегиндеги жаңы конуштардын биринде газ түтүгү ишке берилди. «Газпром Кыргызстан» ишканасы Керамическая конушунда жайгашкан борбордук чоң көчөдөгү 200дөй үй-бүлөнү газ менен камсыз кылууга өттү. Жалпысынан көчөдө 360тай түтүн бар, калкынын саны 1600 адам.

Бул окуяга байланыштуу салтанаттуу иш-чарага бүгүн шаар мэри Албек Ибраимов жана «Газпром Кыргызстандын» жетекчиси Болот Абилдаев катышты.

Абилдаевдин айтымында, быйыл Бишкектин тегерегиндеги 22 жаңы конушка газ өткөрүп берүү пландалууда. Бүгүнкү күндө алардын көгүлтүр отун менен камсыз болуусу 20% түзөт, келечекте 60% жеткирүү каралып жатат.

Орусиялык "Газпром" компаниясына таандык "Газпром Кыргызстан" өлкөнү газ менен камсыздоо долбоорун 2015-жылы баштаган. Ал түтүктөрдү өз эсебинен көчөлөрдөн алып өтүп, эсептегичтерди орнотот, ал эми ар бир абонент короосуна газды өз каражатына киргизип алышы керек. (UEz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG