Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Бюджеттин 1% илим тармагына бөлүү сунушталууда


Улуттук илимдер академиясы
Улуттук илимдер академиясы

Бүгүн Жогорку Кеңеш илим тармагынын ишин өркүндөтүү максатында жаӊыдан иштелип чыккан "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. Талкууда белгилүү болгондой, бул тармакка бөлүнгөн 512 млн сом кызматкерлердин маянасына гана жумшалат.

Эл өкүлдөрү бекитилген бюджеттин 1 пайызын ушул тармакка бөлүүнү, илимий долбоорлорго инвестиция тартуу, жаштарды көбөйтүү сунуштарын беришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, илим тармагын өркүндөтүү боюнча мыйзам 1994-жылы кабыл алынып, ошол бойдон өзгөртүлгөн эмес.

Буга чейин Илимдер академиясынын түзүмү кыскартылып, 25 илимий институттун он жетиси калып, алар бириктирилген. 2015-жылы академияны сактап калуу максатында андагы кызматкерлердин кырк пайызга чукулу кыскартылган. Бирок маянанын өлчөмү өтө эле аз бойдон кала берген. Азыркы учурда Кыргызстанда илимди мамлекеттик каржылоонун көлөмү ички дүң өнүмдүн 0,8 пайызын түзөт. Ошол эле кезде КМШ өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 3 пайыздан жогору экени бүгүнкү жыйында белгиленди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG