Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Тиллерсон: Орусия менен бардык байланыш жолдору ачык


Лавров менен Тиллерсон жолугушту.
Лавров менен Тиллерсон жолугушту.

"Мындан ары АКШ-Орусия мамилесин жакшылап аныктап алыш үчүн абдан ачык жана чын ыкластан пикир алмашууну чыдамсыздык менен күтөм" деди Москвада кесиптеши Сергей Лавров менен жолугар алдында АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Орусия-АКШ ортосундагы курч пикир келишпестикти эске алуу менен Кошмо Штаттары жалпы кызыкчылыктарды аныктап, келечектеги келишпестиктерди жоюуну каалайт. Бул үчүн бардык коммуникация жолдору ачык деди Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы катары Орусияга алгачкы жолу келген Тиллерсон Кремлди Сирия президенти Башар Асадды колдоодон баш тарттырууга аракет кылары күтүлүүдө.

4-апрелде Сириянын куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн Хан-Шейхун шаарына химиялык деп мүнөздөлгөн чабуул жасалган. Андан 90дой киши өлгөн. Батыш дүйнө тыюу салган куралды колдонду деп Асадды, Асадды колдойт деп Орусияны айыптаган. Ага удаа АКШ Асаддын аскер аба базасына ракеталар менен чабуул койгон. Буга байланыштуу Орус-АКШ мамилесин кайрадан чыңалды. Италияда чогулган "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери Хан-Шейхун окуясы атайын иликтениши керек деген бүтүмгө келишти. Орусия да бул окуяны Улуттар Уюму иликтесин деп сунуштоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG