Орусия президенти Владимир Путин Тиллерсон менен Лавровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Сирия жаңжалын жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү 11-апрелде Москвага келген. Ал 12-апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, сүйлөштү. Путин менен кезигери мурда белгиленген эмес.
Тиллерсон Трамптын администрациясындагы Москвага келген алгачкы эң жогорку аткаминер.
Жолугушуу Сирия жаңжалына байланыштуу АКШ-Орусия мамилеси кайрадан чыңалган учурда өтүүдө. 12-апрелде түшкө чейин Путин Трамп бийликке келгени эки өлкө мамилеси начарлап, "аскердик деңгээлге" түштү деп баалаган.
Трамп болсо 12-апрелде "Фокс" телеканалына берген маегинде Путин Асадга көмөк көрсөтүп, элине химиялык курал колдонгон карасанатай менен кызматташып атат деген эле. Тиллерсон Кремлди Асадды колдоодон баш тартууга көндүрүүгө келгени кабарланган.