Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Бишкекте ЖККУга жана ЕАЭБге мүчө мамлекет башчылардын жыйыны өтөт


ЕАЭБге мүчө Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Молдованын президенттери.
ЕАЭБге мүчө Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Молдованын президенттери.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, 14-апрелде ЕАЭБдин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны жана ЖККУга мүчө мамлекет башчылардын бейформал жолугушуусу болот.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында тараптар уюмдун алкагындагы кызматташтыкты, мындан аркы интеграция маселелерин ортого салышат. Ошондой эле анда Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу макамын берүү маселеси каралат. Жыйынга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Молдованын президенттери катышары күтүлүүдө.

ЖККУнун бейформал жолугушуусунда аймактык коопсуздукту камсыздоо багытындагы өз ара кызматташтык талкууланып, ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын лидерлери катышмакчы.

Чет элдик коноктор Бишкекке бүгүн келишет. Кыргызстан быйыл аталган эки уюмга төрагалык кылууда. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG