Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 01:22

Москвада төрт айлык ымыркайлуу кыргызстандык келин камалды


Иллюстрация

Орусияда төрт айлык ымыркайы бар кыргызстандык келин камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Элчиликтин маалыматына караганда, Жалал-Абад облустук милициясынын Сузак райондук башкармалыгында 44 жаштагы келинге карата Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноочулук) боюнча кылмыш иш козголуп, ал эл аралык издөөдө жүргөн.

Кылмышка шектүү жаран Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин суроо-талабы менен 10-апрелде камакка алынды. Анын улуу кызы милициянын сурагында апасы мурун Жалал-Абадда ишкердик кылып жүрүп кийин Орусияга көчүп кеткенин билдирген.

Камалган келиндин колундагы төрт айлык ымыркайы сыркоолоп калгандыктан аны энесинен бөлүп, ооруканага жаткырышты.

Элчилик камакка алынган жарандын туугандарына юридикалык колдоо көрсөтүп жатат. Анын иши Москва шаарынын Кузьминск райондук сотунда каралууда. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG