Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

Кыргызстан “Театр жазы-2017” эл аралык театр фестивалына катышат


Кыргызстан Казакстан республикасында өтө турган түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр жазы-2017” эл аралык театр фестивалына катышат.

Шымкент жана Түркстан шаарларында 17-22-апрелде өтүүчү фестивалга Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры катышмай болгонун бүгүн "Азаттык" радиосуна аталган театрдын адабият бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы кабарлады.

Кароо-сынакка ТҮКСОЙ уюмунун демилгеси менен коюлган “Коркут Ата” спектакли чакырылды.

Драманын автору – Кайрат Иманалиев, режиссеру – Марат Козукеев.

Быйыл түрк тилдүү мамлекеттердин театр фестивалы Казакстандын тунгуч режиссёру Жумат Шаниндин 125 жылдык мааракесине арналып өтүп жатат. (ZA)

XS
SM
MD
LG