Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:00

Өкмөт алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин мурдагы жетекчиси Бабырбек Жээнбеков УКМКга мародерчулук боюнча козголгон ишке байланыштуу чакырылды. Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жээнбеков келинчеги экөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылды. Алар мародерчулук боюнча айрым фактыларга күбө катары өтүүдө. Ошол маселелер боюнча чакырылган.

Рахат Сулайманов Бабырбек Жээнбеков жана анын аялы качан сурак берерин тактаган жок. Ал арада оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков атасына 14-апрелге чакыруу келгенин кабарлады.

Бабырбек Жээнбеков 2014-жылы Монополияны жөнгө салуу агенттигин жетектеп, ири суммадагы парага байланыштуу ызы-чуудан кийин иштен алынган. Ал өзү күнөөсүз экенин айткан.

13-апрелде Жээнбеков ээлик кылган «Алиби» гезитинин көпкө созулган тыныгуудан кийин 4-саны басмадан чыккан. Гезиттин Фейсбуктагы расмий баракчасында соңку окуялар бийликтин дарегине айтылган сын-пикирлер менен байланыштуу экени жазылды.

2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкан учурдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы быйыл 16-марттан тарта иликтей баштаган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG