Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:00

ЕАЭБ жыйынында Молдовага байкоочу макамын берүү маселеси каралат


Молдованын президенти Игорь Додон

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде ЕАЭБдин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы жыйынынын күн тартибине Молдовага байкоочу макамын берүү маселеси да киргизилген. Жыйынга катышуу үчүн Бишкекке келген Молдованын президенти Игорь Додонду 13-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

3-апрелде Додон менен Евразиялык экономикалык биримдиктин жогорку расмий өкүлү Тигран Саркисян Кишиневдо өз ара кызматташтык меморандумуна кол коюшкан. Додон Чыгыш менен Батыштын ортосундагы экономикалык кызматташтыкта тең салмактуулук болорун билдирген.

Ошол эле маалда Молдованын премьер-министри Павел Филип меморандумду сынга алып, бул кадам Евробиримдик менен жакындашуу аракеттерине шек келтирет деп нааразы болуп чыккан. Былтыр ноябрда президенттикке шайланган Додон Орусия менен жакындашууну жактап, Европа Биримдиги менен байланыштарын токтотуу ниети жоктугун айтып келет.

Евразиялык экономикалык биримдикке Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG