Орусия президенти Владимир Путин 14-апрелде Кыргызстанга келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Путин бүгүн Бишкекте өтө турган ЕАЭБдин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат. (NT)