Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Монтенегродо кутум аракети үчүн 14 кишиге айып тагылды


Монтенегро прокуратурасы 14 кишиге кутум аракети үчүн расмий айып такты. Арасында орусиялык эки киши жана орусиячыл эки оппозициялык саясатчы бар.

Подгорица шаарынын соту 13-апрелде депутаттар Андрия Мандич жана Милан Кнезевич, эки орусиялык, Сербиянын тогуз жаранына жана жергиликтүү бир кишиге “кылмыштуу уюм түзүү", "терроризм" беренелери боюнча айып тагылганын билдирди. Монтенегронун бийлиги сербиялык жана орусиялык улутчулдар былтыр октябрда парламенттик шайлоо учурунда парламент имаратын ээлеп, ошол кездеги премьер-министр Мило Жукановичти өлтүрүүнү жана өлкөнүн НАТОго кошулуу пландарына жолтоо болуу максатында орусиячыл өкмөттү орнотууну көздөгөн деп айтып келет. Прокуратура айыпталган орусиялыктар Сербияда турчу, кийин өлкө бийликтери аларга мекенине кайтууга шарт түзгөн деген бүтүмгө келген.

Айыпталган депутаттардын бири бул ишти “оппозицияга каршы саясий процесс” деп атады. Ал эми Монтенегронун атайын иштер боюнча прокурору кутумга “Орусиянын мамлекеттик түзүмдөрү” аралашкан деп эсептейт. Орусия муну четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG