Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Сочиде коррупцияга каршы акцияга чыккандар кармалды


Орусиядагы коррупцияга каршы акция, 26-март, 2017
Орусиядагы коррупцияга каршы акция, 26-март, 2017

Сочиде оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын сегиз тарапкерин полиция кармап кетти. Алар бүгүн коррупцияга каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Кармалгандарга жыйын өткөрүү эрежелерин бузду деген негизде протокол түзүлдү. Бул тууралуу “Кавказкий узел” басылмасы жазып чыкты.

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду март айында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкүн иликтеп чыккан. 26-мартта Орусиянын бир катар шаарларында коррупцияга каршы акциялар өткөн. Анда 1,5 миңдей киши кармалган. Навальный өзү 15 күнгө камалган.

Медведев фонддун иликтөөсүнө апрелдин башында жооп кайтарып, маалыматтарды жалганга чыгарган. Бирок Орусиядагы жана чет өлкөдөгү элиталык үйлөрдү кантип алганын ачыктаган эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG