Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:26

Оштун Өзгөн районундагы Кысык-Алма айылында жер көчкү беш турак жайды басып, дагы бир бүтө элек үйгө 10 метр жетпей калды. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык 16-апрелде болгон. Жашоочуларга алты чатыр тигилип берилди. Бүгүн аларга электр жарыгы тартылат. Кооптуу аймактагы алты үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө көчүштү. Министрликтин адистери жеринде иштеп жатышат.

Андан тышкары, Куршаб-Жалпакташ унаа жолуна топурак түшүп, 50 метрдей бөлүгү жабылып калды. Жер кыртышы жылып жаткандыктан, тазалоого мүмкүн болбой турат.

14-апрелде райондун Көлдүк Шамал-Терек айылындагы үйдү топурак басып, бир киши набыт кеткен.

Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында ушул күндөрү көчкү коркунучу жогору экенин адистер эскертишүүдө. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG