Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:30

Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров быйылкы президенттик шайлоого чогуу даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Камчыбек Ташиев билдирип, саясатка көз салып турушканын, шайлоодо алардын тандеми негизги күч болорун белгиледи:

- Бир талапкер чыгарабызбы же башка талапкерлер менен чогуу кетебизби, же болбосо дагы башка саясий чечим кабыл алабызбы, аны үчөөбүз макулдашабыз. Жакын арада ал чечим айтылат.

2016-жылдын аягында Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев бириккенин жарыялашкан.

Кыргызстанда быйыл президенттик шайлоо болот. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал ноябрда өтөт.

Азырынча шайлоого катышарын "Ак-шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирсе, "Республика" фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду көрсөтүшөрүн жарыялаган. (SE\EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG