Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2016-жыл үчүн отчетун колдоду


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2016-жыл үчүн отчетун көпчүлүк добуш менен канааттандырарлык деп тапты. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отчетту бүгүн, 17-апрелде сунуштады. Коалициянын жыйынына катышкан 55 депутаттын баары бир добуштан колдоду.

Жээнбеков 2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылганын билдирди. Ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады.

Cооронбай Жээнбековдун премьер-министрлик кызматка келгенине туура бир жыл болду. Былтыр 13-апрелде ал сунуштаган өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасын парламент көпчүлүк добуш менен колдоп, аны өкмөт башчы кылып бекиткен. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG