Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 15:19

Ирак бийлиги өзүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топту Мосул салгылашы учурунда химиялык курал колдонду деп айыптап чыкты.
"Террористтер ууландыруучу химиялык заттар толтурулган снаряддар менен биздин аскерлердин алдын тосууга аракет кылышты. Бирок ал көп натыйжа берген жок", деп айтылат Иран аскер командачылыгынын 16-апрелдеги билдирүүсүндө.

Генерал Яхья Расулдун Associated Press агенттигине билдиришинче, алты жоокердин дем алуу органдары жабыркаган. Мосулдун Уруба жана Баб-Жадид райондорунда ушундай болгонун Ирактын федералдык полициясы да бышыктоодо.

"Ислам мамлекети" террордук тобу Мосулду 2014-жылы басып алышкан. Ушу тапта АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн жардамы менен Ирак өкмөтү шаарды бошотууга аракет жасоодо. Азырынча шаардын чыгыш ыптасы өкмөттүк күчтөрдүн колуна өттү. Азыр кармаш болжол менен 2 миңдей террорчу турган батыш ыптасында жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG