Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Дональд Трамптын кеңешчиси Пакистанга келди


Макмастер пакистандык кесиптеши Сартаж Азиз менен
Макмастер пакистандык кесиптеши Сартаж Азиз менен

АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер 17-апрелде Пакистанга келди. Ал өлкөнүн саясий жана аскерий жетекчилиги менен жолугушат.

Бул жолугушуу Трамптын Түштүк Азия боюнча саясатын караштырып, бирок ачыкка чыгара электе болууда.

Ал тапта Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф АКШ өкүлү "жаңы администрация Пакистан менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Ооганстанда жана бүтүндөй Түштүк Азияда тынчтык, стабилдүүлүктү орнотууга кызыкдар экенине ишендирди" деген билдирүү таратты.

Ооганстан менен Пакистанда АКШнын экстремизмге каршы күрөшкөн 8400 чамалуу аскери бар. Вашингтон менен Кабул көптөн бери Пакистан бийлигин аймагында туруктап, Ооган бийлиги жана Оогандагы чет элдик күчтөр менен салгылашкан "Талибан" баштаган экстремисттик топтор менен жетиштүү күрөшпөй жатат деп айыптап келет. Пакистан мындай айыптоолорду четке кагат.

Исламабадга келер алдында Макмастер Пакистанга карата Вашингтон мурдагыдан катуураак саясатты карманышы мүмкүндүгүн ишара кылган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG