Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Балыкчыда окуучулар газга ууланды


Балыкчы шаарындагы №3 Абдылдаев атындагы мектепте окуучулар белгисиз газга ууланды. Учурда беш окуучу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, бешөө травматологияда жатат. Эки мугалимге жана эки окуучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 17-апрелде түшкө жуук болгон. Окуянын чоо-жайы боюнча азырынча кошумча маалымат бериле элек. Милиция иликтөө иштерин баштады. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG