Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:34

Казакстан: Матаевдин жаза мөөнөтү кыскартылды


Сейитказы Матаев.

Казакстандын Журналисттер союзунун төрагасы, камактагы Сеитказы Матаевдин алты жылдык жаза мөөнөтү эки жыл, сегиз айга чейин кыскартылды. Бул тууралуу Матаевдин адвокаты Мадина Бакиева 18-апрелде билдирди.

Ал кошумчалагандай, Матаевдин жаза мөөнөтү Казакстан төбөлсүздүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыска байланыштуу кемиди.

62 жаштагы Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн деген айып менен былтыр күзүндө алты жылга эркинен ажыратылган.

Анын уулу, КазТАГ жеке агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга эркинен ажыратылды.

Экөө тең айыптарын четке кагып келишет. Ал эми укук коргоочулар ата-баланын камалышынын саясий мүдөөсү бардыгын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG