Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:56

Тажикстан: "Истиклол" -“Алай” 3:1


Бүгүн тажик борбору Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын "Истиклол" менен Кыргызстандын чемпиону "Алай" футболдук клубунун Азиянын футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында болгон беттеши аяктады. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн талаа ээлеринин пайдасына 3:1 эсебинде аяктады. "Алай" клубуна таандык жалгыз голду Алиа Силла киргизди.

Ушул эле күнү Бишкек шаарында "Дордой" футболдук клубу менен Түркмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" футболдук клубу таймашып, 0:2 эсебинде коноктор жеңишке жетти. Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары Түркмөнстандын "Алтын Асыр", Тажикстандын "Истиклол" клубдары менен бирге АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндарында D тобуна бөлүнүшкөн.

3-май күнү Түркмөнстанда "Алтын Асыр" менен "Дордой", Ош шаарында "Алай" менен "Истиклол" беттешет. Үчүнчү турдагы оюндардан кийин "Алтын Асыр" менен "Истиклол" жети упай менен алдыңкы катарда келе жатат. Үч упай менен "Дордой" үчүнчү катарда. "Алай" клубунда азырынча упай жок. Биринчи турдагы оюнда "Алай" "Алтын Асырга" 1:2 эсебинде утулган. "Истиклол" "Дордойду" 2:0 эсебинде жеңген. Экинчи турда "Дордой" "Алай" клубун 1:0 эсебинде жеңген. "Алтын Асыр" "Истиклол" таймашы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндары 31-майга чейин уланат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG