Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Жалал-Абадда табигый кырсыктардан коргонууга 1000дей адам тартылды


Табигый кырсыктарды алдын алууга миңдей адам тартылды. Жалал-Абад
Табигый кырсыктарды алдын алууга миңдей адам тартылды. Жалал-Абад

Соңку учурда кооптонууну жаратып жаткан аймактарда табият кырсыктарын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу иштерине облуста миңдей адам тартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Мындан сырткары куткаруу жана өрт өчүрүү кызматтарынан да 50дөй куткаруучу жер-жерлерде иштеп жатышат.

18-апрелде Сузак районундагы Көк-Арт дарыясында суу кирип, 500 метр аралыктагы жээктерди жууп кеткен. Мындан сырткары кээ бир калктуу конуштарга суу каптоо коркунучу жаралган. Жеринде техника жана жергиликтүү тургундардын күчү менен кум тосмолор жана жээктер бекемделүүдө. Быйыл суу каптоо жана жер көчкү кырсыктары активдешип, 2 миң үй-бүлөгө коркунуч жаратууда. (RsK/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG