Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25
Спорт
"АФК-2017": "Дордой" "Алтын Асырга" утулду
19-Апрель, 2017
18-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Бишкектин "Дордой" футболдук клубу менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарынын "Алтын Асыр" клубу Азиянын футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында беттешти.
1
Эки гол киргизип, “Алтын Асыр” оюндун жеңүүчүсү болду.
2
Оюндун башкы калысы: Хасан Акрами (Иран).
Ассистенттер: Арман Ассади, Саид Гасеми (Иран).
3
"Дордой" футболдук клубунун курамы:
1)
Валерий Кашуба (дарбазачы).
5)
Курсанбек Шератов (капитан, коргоочу)
7)
Анатолий Власичев (жарым коргоочу),
8)
Ислам Шамшиев (жарым коргоочу),
11)
Кайрат Жыргалбек уулу (чабуулчу),
17)
Марат Ажиниязов (коргоочу),
19)
Азиз Сыдыков (жарым коргоочу),
20)
Бактай Таалайбек уулу (коргоочу),
23)
Алишер Азизов (жарым коргоочу),
29)
Авазбек Откеев (жарым коргоочу),
55)
Егор Потапов (коргоочу).
4
Түркмөнстандын чемпиону, Ашхабаддын "Алтын Асыр" клубунун оюнчулары:
1)
Мамед Оразмухамедов (дарбазачы),
2)
Зафар Бабаджанов (коргоочу),
3)
Шохрат Союнов (коргоочу),
7)
Арсланмурат Аманов (жарым коргоочу,
8)
Довран Орозалиев (коргоочу),
11)
Мурад Яхшиев (чабуулчу),
12)
Сердар Аннаоразов (коргоочу),
15)
Акмурад Жуманазаров (коргоочу),
24)
Гурбангельды Батыров (жарым коргоочу),
29)
Сердар Гельдыев (жарым коргоочу),
96)
Алтымурат Аннадурдыев (чабуулчу).
5
Оюндагы голдорду 43-мүнөттө Мурад Яхшиев жана 85-мүнөттө Алтымурат Аннадурдыев киргизди.
6
7
Ушул эле күнү тажик борбору Дүйшөмбү шаарында "Истиклол" менен "Алайдын" оюнчулары таймашып 3:1 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетти.
8
Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары Түркмөнстандын "Алтын Асыр", Тажикстандын "Истиклол" клубдары менен бирге АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндарында D тобуна бөлүнүшкөн.
9
3-май күнү Түркмөнстанда "Алтын Асыр" менен "Дордой", Ош шаарында "Алай" менен "Истиклол" беттешет.
10
Үчүнчү турдагы оюндардан кийин "Алтын Асыр" менен "Истиклол" жети упай менен алдыңкы катарда келе жатат. Үч упай менен "Дордой" үчүнчү катарда. "Алай" клубунда азырынча упай жок.
11
Биринчи турдагы оюнда "Алай" "Алтын Асырга" 1:2 эсебинде утулган. "Истиклол" "Дордойду" 2:0 эсебинде жеңген.
12
Экинчи турда "Дордой" "Алай" клубун 1:0 эсебинде жеңген. "Алтын Асыр" "Истиклол" таймашы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
13
Түркмөнстандын Байланыш министрлигине таандык "Алтын Асыр" клубу 2008-жылдан бери Түркмөнстандын жогорку лигасында ойнойт. Ошол убакыттан бери үч жолу чемпион болуп, бир жолудан күмүш жана коло байгени алган. Түркмөнстандын кубогун эки жолу, Суперкубогун бир жолу уткан.
14
"Дордой" футболдук клубу 1997-жылы негизделип Нарын шаарынын атынан мелдештерге катыша баштаган. Оюнчулардын алгачкы курамы өспүрүмдөрдүн "Семетей" клубунан түзүлгөн. 1998-жылы Дене тарбия институтунун командасы менен биригип «Дордой-Жаштык-СКИФ» деген аталышты алып, Биринчи лигада ойноп үчүнчү орунду алган. Андан соң 1999-жылы Жогорку лигада күчүн сынаган.
15
2004-жылдан баштап "Дордой-Динамо" деген аталышка өзгөртүлгөн. 2010-жылы клубдун базасы Бишкекте жайгашып "Дордой" деген аталышты алган. АФК президентинин кубогун эки жолу утуп, төрт жолу финалист болгон. Кыргызстандын чемпиондугун тогуз жолу уткан (2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009, 2011, 2012, 2014). Өлкө чемпиондугунун күмүш байгесин беш жолу, коло байгесин үч жолу жеңген. Кыргызстандын кубогун сегиз жолу алган.
16
Матчтын мыкты оюнчусу Зафар Бабажанов.
17
АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндары 31-майга чейин уланат.
Сүрөттөр "Азаттыктын" практиканты Элвира Акимовага таандык.
"АФК-2017": "Дордой" "Алтын Асырга" утулду
Пикирлерди көрүңүз
Facebook шеринеси
Сунуш кылынган арга.
Астана шаарында Айкөл Манас айкели ачылды
Back to top
XS
SM
MD
LG
Facebook шеринеси