Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:06

Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү №1 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына таандык гараждарды мэрия алып салууда. 19-апрелде адистер унаа токтотуучу контейнерлерди атайын техникалар менен жүктөп кете баштады. Бул тууралуу аталган үйдүн тургундарына юридикалык жардам көрсөтүп жаткан "Интербилим" уюмунун басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, гараждар жашоочулардын жер тилкелерине курулган. Бирок мэриянын чечими менен ал жерлер сатылып кеткени айтылууда. Тургундар калаа жетекчилигинин бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен 17-апрелде Оштогу райондор аралык сотко кайрылышкан.

Мэриянын басма сөз кызматы чечим мыйзамдуу экенин, адистердин түшүндүрмөсү менен толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG