Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:14

Македонияда демонстранттар ЕБга каршы ураан чакырышты


Скопьедеги демонстранттар.
Скопьедеги демонстранттар.

Македонияда этникалык албандардын партиясын башкаруучу коалициянын курамына кошуу сунушуна каршы болгондордун нааразылык акциясы уланууда. 18-апрелде миңдеген демонстранттар баш калаа Скопьедеги парламент имаратынын алдына келишип, Евробиримдикке каршы ураандарды кыйкырышып, жаңы шайлоо өткөрүүнү жана коалиция боюнча өнөктөштөрдүн албан тилин экинчи расмий тилге айлантуу пландарынан баш тартууга чакырышты.

Бир нече аптадан бери бийликтеги партия коалициянын жаңы өкмөт куруу жана парламент спикер шайлоо аракеттерине жол бербей келет. Буга байланыштуу өлкөдө эки айдан бери нааразылык акциялары тутанууда. Демонстранттар президент Георг Ивановду колдошуп, көпчүлүк коалицияга жаңы кабинетти түзүү укугун бербей жатканын туура көрүшөт.

Кошмо Штаттар жана Евробиримдик Македониядагы узакка созулган саясий кризисти токтотуу үчүн бийликтеги партияны мындай тактиканы токтотууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG