Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:35

Орусияда террорчулукка шектелген эки согушкер жок кылынды


Атайын операция маалында тартылган сүрөт.

Орусиянын Коопсуздук кызматы билдиргендей, Москванын түштүгүндөгү Владимир облусундагы атышууда террорчулукка шектелген борбор азиялык эки согушкер жок кылынды.

Орусиянын маалымат каражаттары жазышкандай, 26 жана 30 жаштагы эки адам колго түшүп берүүгө көнбөй, Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө каршы ок чыгарганда өлтүрүлгөн.

ФСБ кабарлагандай, шектүүлөр "эл аралык террордук топтор менен байланышта болушкан жана Орусиянын аймагында террордук кол салууларды уюштурууга даярданып жатышкан".

Мындан 16 күн мурда Санкт-Петербург шаарында метродогу 15 адамдын өмүрүн алган терактты Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны ишке ашырганын орус бийликтери кабарлашкан.

Ал жардырууга тиешеси бар деген шек менен тогуз адам камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG