Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Астанада түркмөн президентинин китебинин бет ачары өттү


Астанада өткөн иш-чарага Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү да катышты.
Астанада өткөн иш-чарага Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү да катышты.

Казакстандын баш калаасы Астанада шаршемби күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун казак тилине которулган китептеринин бет ачары өттү. Улуттук музейде өткөн иш-чарага 18-апрелде Казакстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келген Бердымухамедов өзү катышты.

Ахалтекин асыл тукум жылкылары тууралуу казак тилине которулган үч китептин ар бири миң даанадан чыгарылган.

Президент тогуз жылга жетпеген убакытта 35 китеп жазган. Бердымухамедовдун китептери ар кыл темаларда. Жылкы тууралуу “Ахалтекин – биздин сыймык жана даңк”, “Бакыт кушу”, көп томдуу “Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү” аттуу китептери белгилүү. Апрелде өтчү күлүк майрамында дагы бир китеби чыгары кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG