Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 23:27

Райан: Түндүк Кореянын ядролук курал колдонгону кабыл алынгыс


Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан

Кошмо Штаттар Түндүк Корея менен болгон маселени чечүүдө аскерий вариантты жокко чыгарбай, сактап турушу керектигин Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан билдирди. Ал бул вариант азыр эмес, качан керек болгондо колдонуларын кошумчалады.

АКШ администрациясы Түндүк Кореяга бомба таштоого даярбы деген суроого жооп берип жатып, “Бул диктатор ушундай күчкө ээ деп эсептөө - маданияттуу эл буга жол берет дегендикке жатпайт... Албетте, биз аскердик ыкмаларды колдонууну каалабайбыз, бирок биз бардык ыкмаларды карап турушубуз керек", - деди.

Райан Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салууда Кытай менен кызматташуунун жыйынтыктары шыктандырганын, бирок Түндүк Кореянын башка союздаштарга ядролук курал колдонуусу кабыл алынгыс нерсе экенин айтты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG