Балыкчы шаардык мэриясынын маалыматына караганда, мектептин 15 жаштагы окуучусу апасынын өзүн коргоодо колдонулчу (перцовый газ) газын көтөрүп келип, 11-класстын окуучуларына көрсөткөн. Алар мектептин коридоруна бейбаштык кылып сээп жиберишкени айтылат.
17-апрелде Балыкчыдагы №3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 14 окуучусу ууланып, ооруканага жеткирилген. Алардын 11и кыздар. Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү жургүзүүдө. (КЕ)
Facebook шеринеси