Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:44

Гаага сотунун шаршемби кечинде чыгарган баштапкы чечимине Украина президенти Петр Порошенко нааразы эмес.

- Гаага сотунун чечими көптү үмүттөндүрөт деп ойлойм. Эки доо арыз тең соттун юрисдикциясында деп таанылды. Бул бизде туура жолдо баратабыз деген ишенимди жаратты. Биз бул иштер ийгиликтүү аяктайт деген үмүттө турабыз, - деди Порошенко.

Украина БУУнун эл аралык сотуна быйыл январда кайрылган.

Киев Москваны Донбасстагы жикчилдерге каржылык, аскерий жардам берүүдө, муну менен терроризмди каржылоого тыюу салган Улуттар Уюмунун конвенциясын бузууда, Орусия аннексиялаган Крымда крым-татарлары менен украиндердин укуктары бузулууда деп айыптаган.

19-январда Эл аралык сот Орусия крым-татарларынын укуктарын сыйлап, алардын Крым Жогорку соту экстремисттик деп таап, тыюу салган Межилисинин ишмердүүлүгүнө уруксат бериши керек деп чечим чыгарган. Сот ошондой эле Крымда украин тилинде билим алуу жеткиликтүү болушу керек деген да бүтүм чыгарды.

Ал эми Украинанын терроризмди каржылоо боюнча Орусияга койгон доосунда далилдер жетишсиз деген негизде канаттандыруудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG