Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Орус мектептерге кыргызча сабактар окутула баштайт


Кийинки окуу жылдан тарта Бишкектеги айрым орус тилдүү мектептерде сабактар кыргыз тилинде өтүлө баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Социалдык интеграциялоо борборунун эксперти Надира Жусупбекова кабарлады. Анын айтымында, программа мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында ишке ашууда.

- Бишкекте 11 мектеп ушул программага кирип, мугалимдер тил курстарынан өтүп, методикасын үйрөнүп жатышат. Сентябрдан тартып мектептерде бир кыйла сабактар кыргыз тилинде, бир бөлүгү орус тилинде өтүлөт. Андан сырткары ресурска карап мисалы информатика сыяктуу сабактарды англис тилинде окутканга аракет кылып жатабыз. Азыр орус тилдүү мектептерди карасак анын позициясы абдан күчтүү. Бут сабактар орус тилинде. Кыргыз тилин жумасына эки-үч жолу гана окушат. Тилди баарлашуунун негизинде үйрөнүү үчүн даярданып жатышат.

Ал эми кыргыз тилдүү мектептер тескерисинче сабактардын бир бөлүгүн орусча өтөт. Бул программа буга чейин Чүй жана Бишкектин айрым бала бакчаларында, жогорку окуу жайларында жана мектептеринде колдонулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG