Анын күчү очогунда 4,-4,5 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Жер титирөө таңкы саат 6:42де катталып, кыска убакыт ичинде эки жолу кайталанды. Жердин силкинүүсү Арпа-Тектирде 4,5, Кегети, Пригородный айылында төрт, Токмок менен Кеминде үч баллга жетти. Ал эми Кант, менен Бишкекте эки-үч балл болгон. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. (КЕ)
Facebook шеринеси