Бүгүн Европа футбол ассоциациялар бирлигинин (УЕФА) баш кеңсеси жайгашкан Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор лигасынын жарым финалында ойной турган командалар чүчүкулак кармады.
Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты жазып чыкты. Ага ылайык, жарым финалда Испаниянын эки клубу - "Реал" менен "Атлетико", ошондой эле Франциянын "Монако" менен Италиянын "Ювентус" клубдары беттешет.
Жарым финалдын алгачкы оюндары 2-3-майда өтөт. Жооптук беттештер 9-10-майга белгиленген. (ECh)
Facebook шеринеси