Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:32

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Жолдун курулушу быйыл башталып, 2020-жылы аяктайт деп болжолдонууда.

21-апрелде Баткенге иш сапары менен барган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-108-чакырым аралыгы менен таанышып, курулуш ишин эртелетүүнү тапшырды. Өкмөт башчы жолду сапаттуу курууну, жол жээгиндеги инфраструктураны жакшыртуу зарылдыгын да белгиледи.

Ош-Баткен-Исфана жолунун 220-232 жана 248-360 чакырымдарын оңдоого Кытайдын “Эксимбанкынан” 90 миллион доллардан ашык насыя алынган. Транспорт жана жолдор министрлиги иштин негизги бөлүгү бүтүп калганын маалымдап жатат. Бул жолдун 28-75-чакырымына JICA эл аралык уюму 117 милллиондой доллар насыя бөлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG