Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Навальный Костромада шайлоо алдындагы штабын ачты


Навальныйдын штабы 22-апрелде ачылды. Ар кандай чагымдын алдын алуу үчүн штабдын дареги аягына чейин жашыруун сакталган.

Уюштуруучулардын кооптонуусуна карабай, баары тынч болгону кабарланууда. Ачылышка өзүн "чынчыл юрист" атаган блогер Александр Зорин да катышты. Ал Навальныйдын эл менен жолугушууларына дайыма катышып, аны "Ал силерге Димон эмес" деп аталган тасмадагы иликтөөсүн колдоо акциясынын катышуучуларын сатып алган деп белгилеп келет.

Навальныйдын штабынын ачылышына жүздөн ашуун ыктыярчы жана журналисттер катышты.

Алексей Навальный Костромага 2015-жылы ПАРНАС партиясын колдоо үчүн келген. Костромада гана аталган партия шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Костромадагы штаб Орусиянын аймактарында ачылууга тийиш болгон 77 штабдын жыйырма экинчиси болуп эсептелет.

Костромадан кийин Навальныйдын командасы Ярославль шаарындагы штабды ачууга жөнөп кетишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG