Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

Түндүк Кореяда АКШнын жараны кармалды


Түндүк Корея.
Түндүк Корея.

Корей тектүү АКШ жараны эмне себептен кармалганы азырынча белгисиз экенин Рёнхап агенттиги расмий булактарына таянып маалымдады. Ким ысымдуу 50 жаштардагы эркек киши өлкөдөн тышка учуп бара жаткан учурда Пхеньяндын аэропортунда кармалган. Ошондой эле америкалык жаран мурда Кытайдагы Яньбянь-Корей автономиялык аймагындагы университеттердин биринде иштегени да кабарланууда. Ал Түндүк Кореядагы гуманитардык жардам көрсөтүүчү бир катар программаларга катышып жүргөн.

Ким акыркы жылдары Түндүк Кореяда кармалган АКШнын үчүнчү жараны.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG