Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

ЕККУ Донбасста АКШ жараны өлгөнүн тастыктады


Минага жарылган унаа
Минага жарылган унаа

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму алардын бир кызматкери 23-апрелде Донбасста минага жарылып өлгөнүн, дагы эки өкүлү жарадар болгонун билдирди. Уюмдун Твиттердеги баракчасында жаракат алгандар ооруканага жеткирилгени айтылат. Украинанын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыктын" кабарчысына ЕККУнун өлгөн өкүлү медицина кызматкери болгонун жана АКШ жараны экенин ырастады. Австриянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жаракат алгандардын бири Германиянын, экинчиси Чехиянын жараны.

ЕККУ өлгөн жана жаракат алган кызматкерлердин аты-жөнү алардын туугандарына кабар берилгенден кийин гана ачыкталарын маалымдоодо.

23-апрелде ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын кайгуул унаасы Донбасста жолго коюлган минага жарылып, бир киши өлүп, экөө жаракат алган.

Донбасстын окуя болгон Пришиб айылы украин өкмөттүк аскерлери көзөмөлдөгөн Трёхизбенка кыштагы менен орусиячыл жикчилдердин карамагындагы Славяносербск жана Сокольники конуштарынын кесилишкен жеринде жайгашкан.

Украинанын чыгышындагы Луганск жана Донецк облустарын орусиячыл козголоңчулар 2014-жылы ээлеп алып, бийлигин орноткон. 2015-жылы Минскте орусиячыл жикчилдер менен украин өкмөтүнүн аскерлеринин ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлган. ЕККУнун атайын мониторинг миссиясы буга көзөмөл кылып келет.

Украин өкмөтү жана жикчилдердин ортосунда 2014-жылдын жазында тутанган кармаштан баш-аягы оң миңдей адам мерт болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG