Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Түндүк Кореяда АКШнын дагы бир жараны кармалды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

Пхеньяндагы илим жана технология университетинде бир айдан бери сабак берген Тони Ким 22-апрелде жубайы менен Кытайга сапар аларында кармалганын аталган окуу жайдан билдиришти. Азыр ага кандай айыптар коюлуп жатканы так белгисиз.

Натыйжада Түндүк Кореяда камакта жаткан америкалыктардын саны үчкө жетти. Швециянын Пхеньяндагы элчилиги бул өлкөдө теги кореялык америка жарандары кармалганы тууралуу маалымат бар экенин ырастады. Бул кабарлар Вашингтон менен Пхеньядын ортосунда чыңалуу күчөгөн учурга туш келүүдө.

Түндүк Кореянын соңку ракета сыноолору АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн кескин айыптоолоруна кабылып келет. Пхеньяндын сыноолоруна жооп катары АКШ Корей жарым аралы тарапка учак алып жүрүүчү аскердик кемесин жөнөткөн. АКШ менен Жапониянын биргелешкен аскердик машыгуусу башталаар алдында Түндүк Корея америкалык кемени чөктүрөбүз деген эскертүү жасады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG