Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Имел Молдобаевдин 75 жылдыгы: Сүрөт баян

Кыргыз элинин чыгаан этнографы, манас таануучусу, профессор Имел Молдобаевдин (1942-2005) 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйында. КР УИАсы, Бишкек. 18.4.2017.

2017-жылдын чын куран (апрел) айынын 18инде Бишкекте этнограф, түрколог, кыргыз таануучу, «Манас» жана башка дастандарды иликтөөчү, профессор Имел Бакиевич Молдобаевдин (1942 - 2005) 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
“ИМЕЛ МОЛДОБАЕВ ЖАНА ЗАМАНБАП КЫРГЫЗ ЭТНОГРАФИЯСЫ” аттуу бул эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын эл аралык илимий жыйын жана эскерүү чарасы саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйын залында башталды (Бишкек ш.).
Аталган илимий жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип уюштурду.
Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйынга кыргызстандык окумуштуулардан жана башка айдыңдардан сырткары чет өлкөлүк белгилүү кыргыз таануучу, түрколог, археолог, этнолог ж.б. окумуштуулар катышты.
Алардын арасында Орусия Федерациясынан - археолог, кыргыз таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Сергеевич Худяков (Новосибирск ш.), тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор (Астайбег) Яковлевич Бутанаев (Абакан, Хакас Республикасы), Кытайдан – доктор, «Тил жана Котормо» журналынын мурдагы баш редактору, филология ил. доктору Макелек Өмүрбай уулу (Үрүмчү шаары, КЭР), композитор Мамбетжума Мамбетакун (Артыш, КЭР), Түркиядан - Кастамону университетинин профессору Олжобай Каратаев, ж.б. катышты.

XS
SM
MD
LG