Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

 Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу боюнча кол топтолууда


Жарандык активисттер түзгөн онлайн-петицияда бийликке жол кырсыктарын азайтуу боюнча алты ай ичинде аткарылышы керек деген беш пункттан турган талап жазылган. Анда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке берүү, Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөлөрдө жол кыймылынын эрежелерин тартып алган камераларды иштетүү, ИИМдеги реформаларды коомго ачык жарыялоо, Патрулдук милициянын бардык кызматкерлерин штаттан чыгарып, аларды сынактын негизинде тандоо, айдоочу күбөлүгүн берүүдө ачык-айкындуулукту камсыздоо, жол кырсыгы жана жол эрежелерин бузгандар боюнча соттордун чечимин ай сайын элге жарыялоо талаптары бар.

Жол кырсыктары жыл сайын миңден ашык адамдын өмүрүн алары, бирок ал үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатканы белгиленген.

21-апрелде эки окуучуну коюп кеткен айдоочу эки жыл мурун да киши сүзүп өлтүрүп алганы айтылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырык ташталган. Петицияны миңге чукул интернет колдонуучу колдогон.

21-апрелде Бишкектеги №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаа Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен коюп кетип, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген. Алардын бири эсине келе элек. Окуучулар жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратып, кырсыкка кабылышкан. Машиненин айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган. Анын буга чейин да киши сүзүп алганы кармалгандан кийин белгилүү болгонун Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев “Азаттык” радиосуна ырастады:

- Мурун кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштеген кызматкерибиз таанып калды. "Эки жыл мурун да ушундай эле негиз менен кармаганбыз, деп айтканда шектүү адам аны моюнга алды. Ага чейин эч нерсе айткан эмес.

22-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен эки окуучуну коюп кеткен деп шектелип жаткан айдоочу Мирлан Ажибеков эки айга камалды. Кырсыктын чоо-жайын райондук милиция бөлүмү иликтөөдө. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG