Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:09

Жакын арада Кыргызстан менен Ирандын ортосунда түз авиакаттам ачылып, ирандык жарандарга виза жеңилдетилген шартта бериле баштаса эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жакшы шарттар түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Иранда расмий сапарда жүргөн Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Турсунбеков баштаган расмий делегация Ирандын Ислам Кеңешинин межлис төрагасы Али Лариджани менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамилени өнүктүрүүдө парламент аралык кызматташтыктын мааниси да чоң экени айтылды.

Жолугушууда кыргыз тарап та, иран тарап да ортодогу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбай жатканы белгиленип, приоритет катары айыл чарба, гидроэнергетика, туризм тармактары аталды.

Кыргыз-Иран дипломатиялык мамилелерине 25 жыл болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG