Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу 2017-жылдын жайында башталат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

"Кыргызтелекомдун" материалдык-техникалык базасы менен "Коопсуз шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу ушул жылдын жайында башталат. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызтелекомдун” акционерлеринин жыйынында ишкана башчысы Нурлан Мадеминов билдирди. Долбоор программаны иштеп чыккан бир канча компания менен биргеликте ишке ашырылат. “Кыргызтелеком” байланыш линияларын камсыз кылуучу техникалык оператор катары катышууда. Мадеминов компаниянын материалдык-техникалык базасы менен долбоорду ишке ашыруу оңой жана жеңил болорун белгиледи.

Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир нече жылдан бери айтылып келатат. Бирок бул долбоордун айланасында бир нече соттошуулар жүрүп, ишке ашпай калган. Долбоор ишке ашырылса, Бишкек калаасы баш болгон республиканын ири шаарларындагы жолдорго видео байкагычтар коюлмак. (КЕ)

XS
SM
MD
LG