Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:54

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи президенттикке талапкерлерди өлкөнүн экономикасын Батыштан жардам күтпөстөн көтөрүүгө чакырды. Ал бул билдирүүсү менен чет элдик инвестициянын пайдасын алга сүрөгөн президент Хасан Роуханиден оолак турганын көрсөттү.

Аятолла Али Хаменеи бул пикирин шейшембиде Тегерандагы мусулман өлкөлөрүнүн элчилери менен жолукканда айтты. Ал Батыш өлкөлөрүнө үмүт артууну кажетсиз деп санайт.

19-майда өтө турган президенттик шайлоону Хаменеинин салттуу баалууктарды карманган өнөктөштөрү жеңүүгө аракеттенүүдө. Алар экинчи мөөнөт үчүн ат салышып жаткан президент Хасан Роуханини Батыштын санкциялары алынганына карабастан, экономиканы тез көтөрө алган жок деп сындашууда.

Президенттик шайлоодо Роуханиге негизги атаандаш болору күтүлгөн диний ишмер Ибрагим Раиси жыл сайын 1,5 млн кишини жумуш менен камсыз кылууну убада кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG