Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

АКШ сенаторлору Трамптын администрациясы менен жыйын курат


Президент Трамп Конгрессте сүйлөөдө
Президент Трамп Конгрессте сүйлөөдө

26-апрелде АКШнын президенттик администрациясы менен Конгресстин сенаторлору жолугуп, Түндүк Корея маселесин талкуулашары күтүлүүдө.

100 сенатор тең мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, коргоо министри Жеймс Мэттис, Улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коутс жана штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин төрагасы Жозеф Данфорд менен жолугушууга чакырылган.

Президент Трамптын администрациясы Түндүк Кореянын өзөктүк, ракеталык программасын күчөтүшүнө жана АКШ менен анын өнөктөштөрүн опузалоосуна тынчсыздануусун билдирип келет.

Бүтүндөй Сенаттын Ак үйгө чакырылышы адаттан тыш көрүнүш экени эске алынууда. Жолугушууга Дональд Трамптын да катышуусу ыктымал экенин маалымат кызматы билдирди.

Жыйын АКШ ракетадан коргонуу системасын (THAAD) Түштүк Кореяга жайгаштыра баштаганы үчүн Орусия менен Кытайдын сынына кабылган учурда өтмөкчү.

Түштүк Кореянын коргоо министрлиги системанын айрым бөлүктөрү борбор Сеулдан 250 чакырым түштүктөгү гольф талаасына жайгаштырылганын билдирген.

Бул 25-апрелде Түндүк Корея армиясынын 85 жылдыгынын урматына артиллериялык ок атуудан кийин айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG