Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Жалал-Абадда үйүн камсыздандырган адам компаниядан акча ала албай жатат


Облустун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын тургуну Алтынбек Абдразаков жер көчкү кооптуулугунан улам башка жакка көчүүдө камсыздандыруу компаниясынан каражат ала албай жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 2017-жылдын февраль айында турак жайына документ даярдап, толук камсыздандырган. Бирок жаз алды ал жашаган аймакта жер көчкү пайда болуп, адистер анын үйүнө кооптуулук бар деген негизде көчүү сунушун берген. Бирок мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы турак жай жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен бузулган учурда гана компенсация төлөп бере турганын билдирди дейт Абдыразаков.

Бул маселе боюнча мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын облустагы башкармалыгы өз жүйөсүн билдирип, зыянга учурабаган кооптуу жердеги үйлөрдү жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен кайра карап чыкса болоорун айтууда.

ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов камсыздандыруу мыйзамында качан гана турак үй урап түшкөн учурда же талкаланган убакта компенсация берүү туура эместигин билдирип, бул багытта мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептейт.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда турак жайын камсыздандырган тургундардын саны эки миңге чукулдады. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы быйыл облустагы 11 адамга 3 млн сомдон ашык компенсация төлөп берген. (RsK)

XS
SM
MD
LG