Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:25

Бишкекте өзүн "Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил күчтөр" деп атаган бирикменин уюмдашуу жыйыны өтүп жатат. Уюштуруучулардын бири Кадыр Кошалиевдин маалыматына караганда жыйынга ондон ашык партиянын жана кырктай коомдук уюмдун өкүлү катышууда. Алардын катарында Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар бар. Уюштуруу тобунун башында коомдук ишмер Азимбек Бекназаров турат.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин апрелдин башындагы жыйынында Элдик курултай институтун кайра жандандыруу, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керектигин сунуштаган.

Элдик курултай институту тууралуу Баш мыйзамдын 52 -беренесинде көрсөтүлгөн.

(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG